Биз менен байланышыңыз

Адабият күнүндө «Алтын калем» сыйлыгы тапшырылат

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 473 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу биргеликте уюштурган «Алтын калем» сынагынын жыйынтыгы 12-декабрь — Улуттук адабият күнүндө чыгарылат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

12-декабрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Улуттук адабият күнүнө жана дүйнөлүк залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата салтанат өткөрүлөт. Анын алкагында «Алтын калем» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат.

Айта кетсек, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу ушул жылдын 30-октябрында «Алтын калем» сынагынын жобосун жарыялаган. Ага ылайык, адабияттын проза, поэзия, драматургия жанрлары боюнча үч жеңүүчү аныкталып, ар бирине 100 миң сомдон акчалай байге тапшырылат.

Салтанаттуу иш-чара 16:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM