Биз менен байланышыңыз

Көркөм сүрөт музейинде «Жибек Жолу» көргөзмөсү өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен 28- апрелине чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде  «Жибек Жолу» көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу аталган музейдин кызматкерлери кабарлады.

Маалым болгондой, аталган көргөзмөнүн ачылышына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Кытай, Иран, Индия, Жапония, Пакистан, Түштүк Корея, Монголия жана Афганистандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчилери да келери күтүлүүдө. Ошондой эле жогоруда белгиленген мамлекеттерден көптөгөн өнөрпоздор чакырылып, алар иш-чаранын алкагында улуттук маданий программаларын көргөзүү менен бирге, музейдин концерттик залында өлкөлөрдүн тарыхы тууралуу дарстар окулуп, чеберчилик сабактар өткөрүлөт. Мындан тышкары, «Улуу Жибек Жолу» аркылуу алынып келинген ар кандай буюм-тайымдар көргөзмөгө коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM