Биз менен байланышыңыз

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык жөнүндө жобо бекитилди

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 770 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо боюнча, адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасири бар, кеңири коомдук таанууга ээ болгон адабият жана искусство (поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү) жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн Кыргызстандын жарандарына берилет.

Маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана чыгармачылык бирикмелер мамлекеттик сыйлыкка эмгектерди көрсөтүүгө укуктуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM