Биз менен байланышыңыз

«Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чарасына бюджеттен 15 млн. сом бөлүндү

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 612 | 0

2019-жылдын 8-апрелинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон КР Өкмөтүнүн № 83 токтомунун негизинде «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чарасын өткөрүүгө республикалык бюджеттен 15 млн. сом бөлүндү.

Аталган иш-чараны өткөрүү үчүн КР Өкмөтү тарабынан 25-мартта уюштуруу тобу түзүлгөн.

Эске салсак, 2018-жылдын декабрь айында ТҮРКСКОЙ эл аралык уюму Ош шаарын «2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» атаган.

ТҮРКСКОЙ буга чейин 2014-жылды «Токтогул Сатылганов жылы», 2016-жылды «Жусуп Баласагын жылы», 2018-жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп белгилеген.

Аталган эл аралык уюмдун тарыхында кыргыз шаары алгачкы жолу маданий борбор аталды. Буга чейин бул наамды Түркиянын Кастамону шаары, Казакстандын Түркстан шаары, Түркмөнстандын Мары шаары, Азербайжандын Шеки шаары, Татарстандын Казан шаары да алып, атайын иш-чаралар өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM