Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу каралууда

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 538 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын Чукул медицина борборунун автоматташтырылган башкаруу тутумунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул жылы медициналык тез жардам тутумун модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.

«Жыл сайын саламаттыкты сактоого 20 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Бишкек шаардык тез жардам кызматынын иштелип чыккан автоматташтырылган башкаруу тутумун башка кызматтардын маалыматтык системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Бул иш принциби акырындап бүтүндөй республика боюнча киргизилиши зарыл», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Премьер-министр медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчы  медициналык жардам менен камтууну кеңейтүү максатында, Бишкек шаарында кошумча тез жардам подстанцияларын куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Чукул медицина борборунун автоматташтырылган башкаруу тутуму тез жардам кызматынын ар бир баскычында убакытты азайтууга, мониторинг жүргүзүүдө жана реалдуу убакыт режиминде көчмө бригадаларды рационалдуу башкарууга, чакыруулар тууралуу маалыматтарды сактоого жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, отчеттордун жана статистиканын кеңейтилген тутумуна ээ болууга, ошондой эле кечиктирилип аткарылган чакыруулардын санын кыскартууга шарт түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM