Биз менен байланышыңыз

Атамбаев КСДПнын кайра катталганы боюнча баш прокурорго кайрылды

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 599 | 0

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын жетекчилигине Сагынбек Абдырахмановду каттаган Юстиция министрлигине чара көрүүнү талап кылат. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев бул боюнча башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго арыз жолдоп, андан партиянын укуктарын кайра ордуна келтирүү суранат.

«Юстиция министрлигинин бул кадамы тез арада калыс каралып, иликтенсин. Алар кызмат абалынан пайдаланып, документтерди жасап жатышат», — деп айтылат экс-президенттин кайрылуусунда.

Эске салсак, бүгүн Юстиция министрлиги Сагынбек Абдырахмановду КСДПнын төрагасы катары каттаган. Министрлик партиянын съездинин жыйынтыгы боюнча берилген маалыматтын негизинде жетекчилиги алмашканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM