Биз менен байланышыңыз

Юстиция министрлиги КСДПнын жетекчисинин алмашышы боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 540 | 0

Юстиция министрлигинин дарегине «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясий партиясын кайра каттоодон өткөрүү боюнча документтер келип түшкөн эмес. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бирок, 5-апрелде «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө»  мыйзамынын 18-беренесинин талаптарына ылайык аталган министрликтин дарегине С. Абдрахмановдун колу менен КСДП партиясынын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө кабарлама келип түшкөн. Бул кабарламага аталган партиянын 3-апрелде өткөн XVIII съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаӊы жетекчинин паспортунун көчүрмөсү тиркелген.

Башкача айтканда, юридикалык жактын жетекчисин алмаштыруу жөнүндө Юстиция министрлигине жиберилген кабарлама юридикалык жактын милдети болуп саналат, ал эми юстиция министрлиги үчүн аталган билдирүү кабарландыруу мүнөзүндө болот.

Белгилей кетсек, кабарландыруу маанисиндеги документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн юридикалык жоопкерчилик арыз ээсинде болушун талап кылат.

Мындай учурларда каттоочу орган кабарламаны алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлайт.

Андыктан, бул иш-аракеттер Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жасалган.

Copyright © 2017 Maral FM