Биз менен байланышыңыз

Алдамчы жаран акча алып жаткан жеринен кармалды

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 419 | 0

Бир адамды алдап, 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Өзгөн районунун 1962-жылы туулган Х. Г. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Х. Г.: «Укук коргоо жана сот органдарына берип, кылмыш ишин өзгөрттүрүп берем», — деп бир адамды алдап, ушул жылы адегенде 120 миң сом алган. Бир аз убакыт өткөн соң, маселелерди чечүү үчүн керек деген шылтоо менен, дагы 50 миң сом алган. Үчүнчү жолу да 50 миң сом сураганда, жабырлануучу Ички иштер органдарына кайрылган.

Аталган факты Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.

Кармоо учурунда шектүүнүн жанынан «Коррупцияга каршы» коомдук бирикмесинин күбөлүгү табылган.

Copyright © 2017 Maral FM