Биз менен байланышыңыз

Парламентте аскердик милдет жана альтернативдик кызматтар жөнүндө мыйзам долбоору каралат

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 621 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңеш жалпы жыйында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселени карашат.

Өкмөт тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору бүгүн биринчи окууда каралат.

Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.

Жогорку Кеңеште «2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу», мындан сырткары дагы 10 маселе каралары пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM