Биз менен байланышыңыз

Конго: Киву көлүндө кеме кырсыкка учурап, 150 жүргүнчү дайынсыз

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 686 | 0

Конго Демократиялык Республикасындагы көлдөрдүн биринде кеме кырсыкка учурады. Анда бараткан 150 жүргүнчү дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу өлкө президенти Феликс Чисекеди маалымдады.

Алынган маалыматтарда Киву көлүндө жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан кеме кырсыкка учураганы айтылат. Тийиштүү кызмат 3 адамдын жансыз денесин таап, 33 жаранды куткарып калууга жетишти.

Феликс Чисекеди буга кошумча, окуяны өз көзөмөлүнө алып, күнөөлүүлөрдү жазага тартууга убада кылган.

Copyright © 2017 Maral FM