Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү эсепке миллиард сомдон ашык каражат чогулду

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 494 | 0

Башкы прокуратура Бирдиктүү эсепке 289 миллион сом которгон. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин которулган каражаттын суммасы 373 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып айтты. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы 528 млн., УКМК 241 млн. 800 миң сом салган.

— Ички иштер министрлиги 4 млн. 900 миң сом которгон. Жалпы эсепке 1 млрд. 148 млн 900 миң сом чогулду.

Кошумчалай кетсек, Бирдиктүү эсепке коррупциялык аракеттерден улам чогулган каражаттар которулат. Президент Сооронбай Жээнбеков бул акчага Чүй облусуна жана Бишкек шаарына мектептер куруларын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM