Биз менен байланышыңыз

«Тендерден мамлекет зыян тартты дегенге али эрте»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Апр 2019 | 563 | 0

Биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөн тендерден мамлекет зыян тартты дегенге али эрте. Себеби тендерден жеңип чыккан компанияга каражат которула элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, УКМК фактыларды аныктаса, келишимге кол коюла элек болсо, сүйлөшүүдөн баш тартууга болот.

Эми Мамлекеттик каттоо кызматы тендерди жокко чыгарып, жаңы тендер өткөрүшү зарыл. Бирок 2 айга жете турган паспорттук бланкалар калган. Каттоо кызматы бул аралыкта жаңы тендер өткөрүүгө жетишпейт. Мындан улам жаңы тендер өткөрүлгөнгө чейин мурда иштеп келген компания менен келишимдин мөөнөтүн узартуу зарыл.

«Тендерди жыйынтыктап башка тендер өткөргөндө, жаңы компания менен иштешет. Е-бланкаларды сатып алуу боюнча тендер  мыйзамдын алкагында өткөн. Бирок кампанияларды тандоодо маселе жаралууда. Тендерге комиссиянын бардык мүчөлөрү катышпайт. Айрым учурда 2-3 киши башында эле сүйлөшүп алат. Биз мындай тендерлерди начар өткөргөндөрдү жокко чыгаруу максатында мыйзамдарга өзгөртүү киргизели деп жатабыз. Мыйзам долбоору эртең каралат», — дейт Маматалиев.

Эл өкүлү буга кошумча, «Учкун» басмаканасына тийштүү жабдыктар сатылып алынса, мекеме паспорттордун бланкаларын чыгара аларын белгиледи.

Эске салсак, 2018-жылдын 8-октябрында 1 млрд. 200 млн. сом өлчөмүндө биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендерге беш чет элдик компания катышып, алардын бири эң арзан 686 млн. 772 миң 250 сом сунуштаганына карабай, Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясынын чечими менен 940 млн. 150 миң сом сарптоочу башка компанияны жеңүүчү табылган.

Бул факт боюнча  Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы үч адам УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM