Биз менен байланышыңыз

«Тендерде алгач компаниянын квалификациялык талаптары каралышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Апр 2019 | 568 | 0

Тендерлер боюнча сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоорунда алгач компания сунуштаган баа эмес, квалификациялык талаптар каралат. Талаптарга жооп бербеген компания тендерден четтетилет. Мындайда тендерге катышкан компаниялардын баарына бердей шарт түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, компания сунуштачу баа алдын ала белгилүү болсо, тендер өткөрүүдө көйгөйлөр жарала берет.

«Мындан улам алгач квалификациялык талаптарга жооп бербеген компанияларды тендерден четтетсек, алардын дооматтары аз болот. Биз сунуштаган мыйзамда мамлекеттик компанияларга артыкчылык берилген. Ата Мекендик продукциялар 100% Кыргызстанда өндүрүлсө, мекемелер тендерсиз компаниянын өзүнөн түз ала берет. Мындан сырткары, жаңы мыйзамда тендердин баасына жараша квалификациялык талаптар коюлат», — дейт Маматалиев.

Эл өкүлү белгилгендей, жаңы мыйзамда тендер боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнө каражат төлөө сунушталган.

«Мен каржы булагын да таап койдум. Биз комиссиянын мүчөлөрүнө каражат төлөгөн соң, комиссиянын курамына жакшы эксперттер алынат. Азыр экспреттер тендер иштерине катышпай, бир орунда отуруп портал менен гана иштешет. Андыктан бул жерде да маселе бар», — дейт депутат.

Маматалиев буга кошумча, тендер өткөрүү боюнча Транспорт министрлигинде, Мамлекеттик каттоо кызматында, Бажы кызматында жана Салык кызматында коррупциялык көрунүштөр көп экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM