Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун отчетун угат

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 448 | 0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы прокурордун отчету каралат. Башкы көзөмөл органынын жетекчиси Өткүрбек Жамшитов баштаган прокуратура өкүлдөрү 2018-жылы өлкөдө мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалымат берет. Башкы прокуратура 16-апрелде тармактык комитеттин мүчөлөрүнө отчет берген.

Мындан тышкары, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө маселе күн тартибине коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM