Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын президенти Орусияга расмий сапар менен барды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 507 | 0

Тажикстандын  президенти Эмомали Рахмон 16-апрелде расмий сапар менен Орусияга барды. Конокту «Внуково-2» аэропортунан Орусиянын  Тышкы иштер министринин орун басарынын статс-катчысы Григорий Карасин,  Тажикстандын Москвадагы элчиси Имомуддин Сатторов жана Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов тосуп алгандыгын РИА Новости агенттиги маалымдады.

Эмомали Рахмондун  Москвага болгон расмий сапарынын алкагында миграция, Тажикстандын экономикасына Орусиянын инвестициясы боюнча жана энергетика тармагында  кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлмакчы.

Кошумчалай кетсек, Орусия менен Тажикстандын ортосундагы товар жүргүртүүнүн көлөмү 2018-жылы  1 млрд. доллардан ашкан. Орусиянын Тажикстандын экономикасына салган инвестициясы  1,6 млрд. доллардан ашкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM