Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунда аскадан кулаган жаран куткарылды

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 428 | 0

Бүгүн, 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокен райондук Өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары таңкы саат 07:40та аскадан кулаган жабырлануучуну табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Куткаруучулар аскадан кулаган жаранды тоодон алып түшүшүп, саат 10:00дө туугандарына өткөрүп беришти. Жабырлануучунун абалы учурда канааттандыраарлык.

Эске салсак, 15-апрель күнү түнкү саат 23:25те Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Тоскоол айылынын Алаш тоосунда 1978-жылы туулган М. И. аттуу эркек киши аскадан кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM