Биз менен байланышыңыз

Москвада дагы бир мекендешибиз каза болду

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 553 | 0

Орусиянын Москва шаарында Баткен облусунун Лейлек районунун 21 жаштагы тургуну Шокиржон Корабобоев жол кырсыгынан каза болду. Учурда маркумду мекенине жеткирүү  үчүн Орусиядагы мекендештер каражат чогултуп жатышат.

Бул тууралуу «Лейлек Ынтымагы» уюмунун мүчөсү, Москвадагы мекендешибиз Акбар Разыкулов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маркум Лейлектин Аксуу айылынан, жардамга муктаж үй-бүлөдөн экени, жакында эле Кыргыз Армиясынын катарында аскердик милдет өтөгөнү айтылат.

Учурда Сбербанктан 4276 4000 2693 8580 номурлуу эсеп ачылып, акча чогултулуп жатат.

WatsApp номер: +7926 020 0059 Акбар РАЗЫКУЛОВ.

Copyright © 2017 Maral FM