Биз менен байланышыңыз

«Жеткиликтүү турак жай» программасы 14 миң жаранды үйлүү кылды

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 434 | 0

Өкмөт «Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020» программасын ишке ашыруу үчүн ипотекалык насыялоонун 2 механизмин иштеп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Учурда Кыргыз Өкмөтү тарабынан «Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020» программасын ишке ашыруу үчүн ипотекалык насыялоонун 2 механизми иштелип чыгып киргизилген. Алар: даяр үйдү сатып алуу жана жеке турак жай куруу.

Үй сатып алууда калкка колдоо көрсөтүү максатында Өкмөт 2018-жылдын ноябрынан тартып ипотекалык насыялар боюнча пайыздык өлчөмдү 1 пунктка төмөндөткөн жана жылдык өлчөм 7-9 % түзөт.

2019-жылдын 1-январына карата Финансы министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ишканасына 3,8 млрд. сом бөлгөн, анын ичинде 1,5 млрд. сому 2018-жылы бөлүнгөн.

Мындан тышкары «Мамлекеттик ипотекалык компания» жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 30 млн. евро бөлүү жөнүндө келишимге кол коюу пландалууда.

2019-жылдын 1-январына карата 4,28 млрд. сомдон ашуун суммага 3 799 ипотекалык насыя берилген, натыйжада 210 миң чарчы метр турак жай сатып алынган жана Кыргыз Республикасынын 14 миң жараны үйлүү болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM