Биз менен байланышыңыз

Париж: Күлгө айланган Нотр-Дам чиркөөсү [ФОТО]

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 865 | 0

Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрт тарыхый имараттын күлүн көккө сапырды.

Чиркөөдөгү өрт 15-апрель кечки саат 9 чамасында башталып, тездик менен айланага жайылган. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын башкы мунарасы урап түшкөн. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү. Бирок Өрт өчүрүү кызматы кайрадан от тутанып кетпеси үчүн дагы деле көзөмөлдөп турганын кошумчалашкан.

Франция президенти Эммануэль Макрон да түнү өрт чыккан жерге жетип барып, калк менен бирге болду. Ошондой эле, ал  850 жылдык тарыхы бар Нотр-Дам чиркөөсүндө калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөрүн айтты. Азыркы тапта француз эли мындай тарыхый жайды калыбына келтирүү үчүн каражат топтоо иштерин да баштады.

Серепчилердин айтымында, чиркөөнү оңдоп-түздөө 5 жылдан ашык убакытты талап кылат.

Өрт чиркөөнү каптаган учурда тартылган кадр

Чиркөөнүн мунарасын өрт чалган учур

Нотр-Дамдын мунарасынын урап түшүшү

Түнү менен өрт өчүрүү иштери жүрдү

Чиркөөнүн өрткө чейинки ички көрүнүшү

Мурунку Нотр-Дам чиркөөсү

Өрт өчүрүлгөндөн кийинки кадр

Праиж калкы түнү менен чиркөөнү аман сактап калуу үчун дуба кылышты

 

Copyright © 2017 Maral FM