Биз менен байланышыңыз

Парижде кызматкерлер нааразычылык акциясына чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 516 | 0

Парижде коомдук тамактануу жайларынын кызматкерлери COVID-19га байланыштуу бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чараларга нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу «Parisien» гезити жазды.

Француз маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, нааразычылык шейшемби күнү эртең менен ресторан бизнеси жана коомдук тамактануу компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда башталды.

Демонстранттар Париж айланма жолундагы трафикти бир саатка жаап салышты. Париж бийлигинин алдында шаардагы барлар жана Иль-де-Франс метрополия аймагындагы үч департамент жабыларын жарыялаган. Бул аймактардын бардыгы COVID-19 оорусунан улам эң кооптуу деп табылган. Ресторандар азырынча ачык бойдон турат, бирок жаңы санитардык протокол киргизилүүдө.

Франциянын көз карандысыз мейманканалар жана ресторандардын улуттук ассоциациясы бийликтин Париждеги барларды жана метрополия аймагындагы бир нече департаментти жабуу чечимин «бүдөмүк» деп атады.

Буга чейин Парижге жакын жерде арматура менен куралданган эл полицияга кол салгандыгы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM