Биз менен байланышыңыз

Вашингтондо коменданттык саат киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 818 | 0

АКШнын борборунда дүйшөмбү күнү эки күндүк коменданттык саат киргизилди. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дөн баштап эртең мененки саат 6:00гө чейин күчүндө болот. Бул тууралуу Вашингтондун мэри Муриэль Баузер билдирди.

Коменданттык саат  Миннеаполисте афро-америкалык Джордж Флойд өлгөндөн кийин башталган башаламандыктардан улам башталды.

Джорж Флойд жасалма акча колдонгон деген шек менен кармалган. Полициялардын бири Дерек Шовин Флойд дем ала албай калганын айтканына карабастан, анын мойнунан тизеси менен басып турган. Окуянын видеосу интернетте тарады.

Флойд бир нече сааттан кийин ооруканада көз жумган.

Джордж Флойддун өлүмүнөн соң башталган толкундоолордон кийин Кошмо Штаттардын 40ка жакын шаарына коменданттык саат киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM