Биз менен байланышыңыз

Бельгия: Түнкү клубдун кызматкерлери жумушсуздукка нааразы болушууда

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 464 | 0

Бельгиянын жүздөгөн маданият жана көңүл ачуу кызматкерлери Брюсселде демонстрацияга чыгышты. Алар коронавирус инфекциясына каршы күрөштө өкмөт тарабынан массалык иш-чараларга карата чектөөлөр аларды жумушсуз калтырып жаткандыгына нааразы болушууда.

Euronews маалымдагандай, пандемия башталгандан кийин иштебей калган түнкү клубдардын жана дискотекалардын кызматкерлери көбүрөөк жабыркады.

«Баарыбыз жумуш, тамак-ашка муктажбыз, ижара акысын төлөйбүз. Бул дагы миңдеген адамдардын эмгеги сыяктуу биздин ишибиз», — дейт актриса Лия Брукинг.

Пандемиянын туу чокусунда Бельгияда калктын санына жараша алганда Европа боюнча коронавирустун эң көп өлүмү катталды.

Инфекция жайыла баштагандан бери дээрлик 10 миң адам анын курмандыгы болду.

Акыркы суткада бул илдетке чалдыккандардын саны 650 адамга көбөйдү.

Copyright © 2017 Maral FM