Биз менен байланышыңыз

Бельгияда 21 айдан соң өкмөт куралды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 464 | 0

Бельгияда толук кандуу өкмөттү түзүү үчүн 653 күн талап кылынды. Бул уникалдуу анти-рекорд жана буга чейинки «рекорд» Бельгияга таандык болгон.

Бельгиянын жаңы өкмөтү бүгүн, 1-октябрда ант берип, өз ишин баштайт.

Жаңы премьер-министр Александр де Кроу болуп, башкаруучу коалицияга жети саясий партия кирди.

Бирок коалицияга 2019-жылы май айында өткөн парламенттик шайлоодо жеңип чыккан эки фламанддык радикалдык партия — Nieuw-Vlaamse Alliantie жана Vlaams belang кирген эмес.

Ошентип, Бельгиянын жаңы өкмөтү 21 айлык саясий кризистен кийин түзүлдү. Буга чейинки анти-рекорд 2010-2011-жылдары катталып, 589 күндү түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM