Биз менен байланышыңыз

«Сары кемселчендер» эми Бельгияда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 812 | 0

Бир айга жакын убакыттан бери Францияда уланып келе жаткан «сары кемселчендер» нааразылык акциялары эми Бельгияда күч алды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Алгач митингчилер Брюсселди каптап, бийликтен куйүүчү майга болгон салык наркын түшүрүүсүн жана эмгек акыны көбөйтүүнү талап кылышты.

Ошондой эле премьер министр Шарль Мишель менен анын өкмөтүн отставкага кетүүсүн талап кылгандар да аз эмес экени маалым болду.

Митингчилер Брюсселдин чоң жолдорун жаап, коопсуздук кызматынын унааларын жыгытып, талкалашты. Башаламандык уюштургандардан 60 киши полис тарабынан кармалды.

Кошумчаласак, «сары кемселчендердин» Бельгиядагы акциясы коомдук желелерде кызыган нааразы пикирлерден пайда болгон чакырыктардын натыйжасында пайда болду. Серепчилердин айтымында мындай акциялар бүтүн Евробиримдикти капташы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM