Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: күйүүчү майдын чекене наркын 2 сомго төмөндөтүү пландалууда

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 690 | 0

Жакынкы арада күйүүчү майдын чекене наркын орточо 2 сомго төмөндөтүү пландалууда. Баанын мындан аркы динамикасы республиканын экономикалык ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүнө жана дүйнөлүк рыноктогу мунай наркына  түздөн-түз көз каранды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Чечим тиешелүү мамлекеттик органдар жана өлкөнүн нефтетрейдерлеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө кабыл алынды. Учурда республиканы күйүүчү жана майлоочу май менен камсыз кылуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Муну менен катар мунай заттарынын тартыштыгынын алдын алуу боюнча иш-чаралар кабыл алынууда.

Жалпысынан ушул жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча жыл башына салыштырмалуу күйүүчү-майлоочу майлардын чекене баасынын түшүүсү байкалууда. Алсак, январь-апрель айларында өлкө боюнча бензин 2,8 сомго же 6,7% арзандаган, ал эми дизель майдын баасы 4,7 сомго же 9,7% төмөндөгөн.

Мунайзат базаларынан сатып алынган күйүүчү жана майлоочу майлардын дүң баасынын бир кыйла түшкөндүгүн белгилей кетүү керек. Көрсөтүлгөн мезгилде бензиндин дүң баасы 11,6 сомго же 32% арзандаган, ал эми дизель майынын дүң баасы 11 сомго же 21,3% төмөн түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM