Биз менен байланышыңыз

Бельгияда 55 жаштан жогоркуларга «AstraZenecа» вакцинасын алуу сунушталбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 579 | 0

Бельгия Саламаттыкты сактоо кеңеши 55 жаштан өткөн жарандарды коронавируска каршы эмдөөдө «AstraZenecа» компаниясынын вакцинасын колдонууну сунуштабайт.

«Саламаттыкты сактоо кеңеши «AstraZeneca» вакцинасын 18 жаштан 55 жашка чейинкилер үчүн гана жакшы вакцина деп эсептейт», — деди өлкөнүн Салматтыкты сактоо министри Франк Вандербрук.

Анын айтымында, кеңеш: «Вакцинанын 55 жаштан жогорку адамдарга кандай таасир берери боюнча маалымат жетиштүү эмес», — деген чечимге келген.

Европа Биримдиги январь айынын соңунда биримдикке кирген өлкөлөргө «AstraZeneca» компаниясы иштеп чыккан вакцинаны пайдаланууга уруксат берген. Бирок немис окумуштуулары вакцина 18 жаштан 64 жашка чейинки адамдар үчүн гана ыңгайлуу деген чечимге келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM