Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жалпы 16 726 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 475 | 0
Бүгүн, 26-апрелге карата өлкө боюнча жалпы 16 726 адам эмдөө алды. Алар негизинен медицина кызматкерлери, мугалимдер, 65 жаштан өйдөкү карылар, мамлекеттик кызматкерлер, күч түзүмүнүн кызматкерлери.

Акыркы суткада 73 адам коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өттү.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM