Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга вакцина ташуу үчүн 8 унаа берилди

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 537 | 0

Кыргызстанга гуманитардык жардам катары вакцина ташыганга сегиз авторефрижератор берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Транспорт каражаттарын Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) алып келип берген. Автоунаалар альянстан ЮНИСЕФтин камсыздоо бөлүмү аркылуу сатып алынган.

Жети автоунаа облустардагы ооруларды алдын алуу борборлоруна жана бирөө Улуттук иммунопрофилактика борборуна бөлүштүрүлөт.

ГАВИ 2001-жылдан бери кыргыз өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келет.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган.

Учурда Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө алкагында 2 вакцинаны колдонууда. Алар: Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен Орусияда өндүрүлгөн  “Спутник V” вакцинасы. Ошондой эле, май айында коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасынын 420 миң дозасы келери айтылган.

Бүгүн, 26-апрелге карата өлкө боюнча жалпы 16 726 адам эмдөө алды. Алар негизинен медицина кызматкерлери, мугалимдер, 65 жаштан өйдөкү карылар, мамлекеттик кызматкерлер, күч түзүмүнүн кызматкерлери.

Copyright © 2017 Maral FM