Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келет

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 560 | 0

Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн  “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Вакцина Бишкектин “Манас” аэропортуна саат 15:15те келип түшөт. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, вакцина келип түшкөндөн кийин кайсы категориядагы адамдарга сайылары боюнча чечим кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM