Биз менен байланышыңыз

Ак калпак жана чапан: Элчи Жумалиев Бельгиянын королуна ишеним грамотасын тапшырды

Без рубрики , Кыска кабар | 24 мая 2019 | 751 | 0

Кыргызстандын Бельгия королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Жумалиев Бельгиянын королу Филиппке Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Тапшыруу аземи Брюссель шаарындагы королдун сарайында өттү. Муктар Жумалиев Бельгиянын королу менен болгон кыска сүйлөшүүсүндө, президенти Сооронбай Жээнбековдун саламын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерин мындан ары өнүгүүсү тууралуу каалоолорун билдирди. Ошондой эле, кыргыз-бельгия мамилелерин чыңдоого бардык аракетин жумшоого убада берди.

Король Филлип элчини Бельгия Королдугундагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, президент Сооронбай Жээнбековго каалоолорун айтты.

Copyright © 2017 Maral FM