Биз менен байланышыңыз

Борис Жонсон канзаада Филиптин тажиясына катышпоону чечти

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1489 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ханыша Елизавета IIнин жубайы канзаада Филиптин тажиясына катышпоону чечти. Жонсон мындай чечимди пандемиялык чектөөлөргө байланыштуу тар чөйрөдө өткөрүлө турган акыркы сапарга узатуу салтанатына падышанын үй-бүлөсүнүн да мүчөлөрү катыша тургандай кылып кабыл алды.

Ханзааданы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-апрелде болот. Пандемияга каршы күрөштөгү чектөөлөргө ылайык, акыркы сапарга узатууга 30 адам катыша алат. Ага ханыша Елизавета II жана маркумдун балдары жана неберелери катышат. Жонсон салтанаттагы ордун королдук үй-бүлө мүчөсүнө бошотууга макул болду.

Жонсондун кеңсесинин билдирүүсүндө, премьер-министр ар дайым падышанын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгында иш алып барууга умтулуп келген жана ошондуктан ушундай кылып жатат.

Өлкөдө ханзаада каза болгондугуна байланыштуу сегиз күндүк аза күтүү жарыяланып, падышанын үй-бүлөсү 30 күнгө чейин аза күтөт. Андан кийин ханыша өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн кайтып келет.

Канзаада Филип 9-апрелде 99 жашында көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына чектелген сандагы адам катышат, бирок каалоочулар аны сыналгыдан көрө алышат. Падышалык үй-бүлө элден маркумга таазим кылуу үчүн Виндзор сарайына келбөөнү суранды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM