Биз менен байланышыңыз

Эң көп «ичкен» өлкөлөр

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 757 | 0

Литва-алкоголдук ичимдик ичүү боюнча Европадагы лидер өлкө. Бул тууралуу Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) чыгарган корутундусунда айтылды. Өлкөдө жылына он беш жаштан жогорку ар бир кишиге 15 литр спирттик ичимдик туура келет. Бул көрсөткүч бир нече жыл мурда 18 литр болчу. Бийлик алкоголдук ичимдикке каршы аёосуз согуш жарыялап, катуу мыйзамдарды киргизип, натыйжада ичимдик сатуу жана колдонуу эки эсеге кыскарган.

Бирок ичимдик маселеси Литванын дале болсо баш оорусу бойдон калууда. Ал коомдун бардык катмарын каптап калган. Мас абалында кармалган белгилүү адамдар, мамлекеттик чиновниктер жана журналисттер болгон. Жадагалса ушул жылдын жайында Кибартай шаарындагы түрмөдөгү эки адам ичип олтуруп, аракты, баңгизатты кайдан, кантип жана кайсы акчага алары тууралуу сүйлөгөндөрү видеого жазылып, интернетте таркап кеткен. Бул коомчулукту катуу тынчсыздандырып, арактан арылуунун жолдорун ар түрдүү коомдук аянтчаларда талкуулап жаткан кездери.

Ичимдикке жакындык боюнча экинчи орунда Бельгия турат. Ал эми Европанын эң араксыз өлкөсү-Израиль. Анда жашы жеткен ар бир жаранга жылына 2.5литр ичимдик туура келет. ЭКӨУнун билдирүүсү боюнча дүйнөдө ичимдик колдонуунун орточо көрсөткүчү 9 литр.

Copyright © 2017 Maral FM