Биз менен байланышыңыз

8 партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшту

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 730 | 0

Сегиз партия «Ата Журт Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу алар Бишкекте өткөн жыйын учурунда билдиришти.

Шаардык кеңешке шайлоого аттанган 8 партиянын өкүлдөрү Бишкекте «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга укугу жок болчу» аталышындагы маалымат жыйын өткөрүп жатат. Алар шайлоо таза өтпөгөнүн айтышып, жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын да коюшууда.

Партиялардын өкүлдөрү «Ата Журт Кыргызстан» 2021-жылдын 26-февралында мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн, ошондуктан алар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына туура эмес маалыматтарды беришкенин, анткени 26-февралга чейин партия «Элдик биримдик» деп аталып келгенин маалымдашты. Ошондой эле АШК бул партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоодо мыйзам бузган деп эсептешет.

Чогулган партиянын өкүлдөрү БШКдан «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарууну талап кылышты.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жөнүндө алдын ала жыйынтык боюнча «Ата журт Кыргызстан» партиясы босого чектен өтүп, 9,59% га ээ болгон.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрель күнү өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешине жалпы 419 миң 901 шайлоочу катышып, азырынча 6 партия 7 пайыздык чектен өттү. Алар:

«Эмгек» — 13,87 пайыз;
«Ак Бата» — 12,15 пайыз;
КЭДП — 10,70 пайыз;
«Ата-Журт Кыргызстан» — 9,63 пайыз;
«Ынтымак» — 8,34 пайыз;
«Биздин эл» — 7,73 пайыз.

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде КЭДП партиясын жарыштан четтетүү чечимин кабыл алган.

«Кыргызстан Коммунисттер» партиясынын өкүлү Амантур Манапбаев КЭДП партиясы добуш сатып алууга шектелип шайлоодон четтетилгенин эске салып, башка партиялардын добуш сатып алуусу тууралуу сөз болбой жатканын кошумчалады. Анын айтымында, базаркомдордун, коррупционерлердин партиясы алардан өтүп акча таратышкан. Мындан улам алар мамиле баарына бирдей болсун дешет.

Copyright © 2017 Maral FM