Биз менен байланышыңыз

Ошто 36 миң жаран шаардык кеңешке шайлоого катыша албайт

Кыска кабар | 14 Мар 2020 | 816 | 0

Ош шаарында каттоосу бар 36 миң жаран шаардык кеңешке шайлоодо добуш бере албайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта партия лидерлери менен болгон жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайылдабекова билдирди.

Анын айтымында, 36 миң киши жакында эле шаарга массалык түрдө каттоого коюлган. Аларга добуш берүүгө тыюу салынган.

Мисалы, республика боюнча 2 миң 600 шайлоочу жаңыдан катталган. Ош шаарынын өзүндө эле 400 бар, — деди Шайлдабеков.

Ушул жылдын 12-апрелинде өлкөнүн Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Кечээ талапкерлерди көрсөтүү иштери аяктап, жалпысынан 22 саясий партия шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM