Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 679 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15- апрелде, Германияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен кездешүүсү расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

Германиядагы мекендештер президентке негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, инвестицияларды тартуу, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, «Мекен карт» долбоору, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Мекендештердин суроолоруна Сооронбай Жээнбеков, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Германиядагы  элчиси Эрнис Оторбаев, Экономика министри Олег Панкратов жооп беришти.

Copyright © 2017 Maral FM