Биз менен байланышыңыз

Сариев: Иш жүзүндө көп нерсени президент чечүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2019 | 607 | 0

Акыркы убакта президент Сооронбай Жээнбековго көп сын айтыла баштады. Анткени, эл  өлкө башчыга көбүрөөк ишеним артат. Себеби, президенттин мөөнөтү өкмөттүн мөөнөтүнө салыштырмалуу узак. Мындай пикирин экс-премьер-министр Темир Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бат-баттан алмашкандыктан, эл президентке көбүрөөк таянат. Мындан улам сын-пикирлер президентке ооп кетүүдө.

Сариев экономика өспөгөнүн, ири инфраструктуралык долбоорлор башталбай, тескерисинче, мурда башталган айрым долбоорлор токтоп калганын сынга алды.

«Экономикага жергиликтүү бийликтен тарта, парламент, президентке чейин жооптуу. Иш жүзүндө көп нерсени президент чечүүдө. Алсак, ЖК президентти колдоорун айтты. Көпчүлүк коалиция президент менен бирге аракет кылат. Бул — бир четинен саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жакшы. Бирок экинчиден, парламент көзөмөл функциясын жоготуп коюуда. Саясатта болуп жаткан суроолорго өкмөт жооп бербесе, президент жооп берүүгө мажбур болуп калды. Эми Жээнбеков аткаруу бийлигине аралашып кетти деген сындар айтылууда. Акыркы убактагы билдирүүлөр айрым күчтөргө кооптонуу жаратты. Мындан улам президент парламентке кайрылуу жасоону туура көрдү», — дейт Сариев.

Copyright © 2017 Maral FM