Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын дагы бир шаарын суу каптады

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 575 | 0

Түркмөнстандын дагы бир Түркмөнбашы (Красноводск) шаарын суу каптады. Тынбай жааган жамгырдан улам, суунун деңгээли көтөрүлүп, машиналар сууда сүзүп калганын «Turkmenyurt» маалымат агентиги 14-апрелде кабарлады.

Туркменбашы шаарындагы турак жайлар жана өндүрүштөр темир жол бекетинен бир кыйла төмөн деңгээлде:  8-10 метр ылдыйда жайгашкан.

Буга чейин 13-апрелде тынбай жааган жамгырдан улам, Ашхабад шаарынын бир канча районун суу каптагандыгы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM