Биз менен байланышыңыз

Өкмөт унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнү карап жатат

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 576 | 0

Өкмөттө жылына 400-500 доллар төлөп, унаанын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү демилгеси каралып жатканын Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.

Эл өкүлү Исхак Пирматов да буга чейин унаалардын айнектерин караңгылатууну легалдаштырууну сунуштап, Өкмөттүн кошумча киреше булак катары колдоно албай жатканын, элдин баасына карабай, өзгөчөлөнгөн номурларды тагууну жана айнектерди караңгылатканды жакшы көрөөрүн айткан.

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев да унаалардын айнектерин караңгылатуу боюнча өкмөт так позициясын билдириши керектигин демилгелеген.

Copyright © 2017 Maral FM