Биз менен байланышыңыз

Сариев: Өкмөттө чечкиндүүлөр жок

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2019 | 454 | 0

Өкмөт өз ишин ыкчам алып барышы керек. Акырындык менен көп иштер жасалууда. Бирок системага түшкөн көрүнүш жок. Мындай пикирин экс-премьер-министр Темир Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым министрлердин чабалдыгы жалпы өкмөттүн аброюна терс таасир этүүдө. Өкмөттө жоопкерчиликти колго алып, чечкиндүү кадам жасагандар жок. Өкмөт бул багыттан уттуруп, кабыл алган чечимдеринин кечигишине алып келип жатат.

«Бир четинен өкмөткө туруктуулук керек. Аны улам алмаштыруу болбойт. Биздин 1 күн 3-4 күнгө тете болуп жатат. Өкмөт боюнча чечимди ЖК менен президент бериши керек. Парламент менен өкмөттө бири-бирин колдогон баланс керек. Ал балансты президент түзөт. Өкмөттү ЖК менен президенттин колдогону жакшы жагдай», — дейт Сариев.

Ал мындан сырткары, учурда инфраструктуралык чоң багыттар айтылбаганын айтып, өкмөт ресурстардын баарын толук пайдалана албай жатканын белгиледи.

Сариевдин баамында, өкмөт ири кендерди иштетип, Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруп башташы зарыл. Мамлекеттик кооперацияларды жандантып, ар бир облуска логистикалык борбор курушу керек болчу.

«Ипотекалык компания да чабал иштеп жатат. Күнөскана салып, тамчылатып суугарууга артыкчылык берүү зарыл. Дыйкандар байыса, мамлекет байыйт. Биз ЖОЖдордун күчүн да толук колдонбойбуз. Студенттерге сунуш бергиле десек, жигердүү иштешмек. Бизде экспорттук потенциал абдан чоң. Эл аралык уюмдарда, бизнес чөйрөсүндө иштеген иш билги адистерибиз бар. Алар менен бир аянтча түзүп иштесек болмок. Сыртта жакшы кызматтарга жетип, иштеп жүргөн улан-кыздар бар», — дейт Сариев.

Copyright © 2017 Maral FM