Биз менен байланышыңыз

Сариев: Парламент кландык башкарууга жол бербөөгө тийиш

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2019 | 1031 | 0

Экс-премьер-министр Темир Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде өлкөдө бийликтин кубаттуулугу, тартип жетишпей жаткандыктан, башаламандык, өзүм билемдик күчөп кеткенин билдирди.

Анын айтымында, бийлик эл үчүн иштеши керек. Азыркы бийлик кландык башкарууга барат деген божомолдор болууда. Бирок, парламент ага жол бербөөгө тийиш. Кыргызстанга кайра революция керек эмес.

«Бийликтин иши оюмдагыдай дей албайм. Президентке да, парламентке да 1-1 жарым жылга чейин ишенип, күтүүгө болот. Бул убакыт — саясатчы үчүн өзгөрүүлөрдү жасап, коомго көрсөтүүгө эң жакшы мезгил. Эгер бул аралыкта өзгөрүүлөр болсо, эл колдоп берет. Ал эми эч кандай өзгөрүүлөр болбой, багыт аныкталбаса, кийин баштоо татаал болуп калат. Тактап айтканда, бийликтин эффективдүүлүк мөөнөтү өтүп кетет», — дейт Сариев.

Copyright © 2017 Maral FM