Биз менен байланышыңыз

«Республика — Ата Журт», «Өнүгүү — Прогрессте» да талаш-тартыштар бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2019 | 574 | 0

6 жылда бир да шайлоого катышпаган саясий партияларды автоматтык түрдө жоюу зарыл. Мындай пикирин экс-премьер-министр Темир Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, саясий партиялар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек.

«Босого баллдын 9% болушу популисттик сунуш болгон. Аны 5 %га түшүрүү керек. Биз партиялардын изденүүсүнө бөгөт коюп койдук. ЖКдагы коалициялык көпчүлүк жоопкерчилик алышы зарыл. Бизде сындап, түртүп койгон учурлар көп. Партиянын чечимдерин фракция карашы керек. КСДПда эле эмес, «Республика — Ата Журтта», «Өнүгүү — Прогрессте» да талаш-тартыштар бар«, — дейт Сариев.

Ал буга кошумча, жеңилгендин ачуусун билбеген саясатчы жеңиштин таттуусун билбей турганын айтып, алдыдагы парламенттик шайлоого барарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM