Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү Ат-Башы каналына чөккөн 5 жашар баланы издөө уланууда

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 452 | 0

Чүйдүн Аламүдүн районунун Константиновка айылында Ат-Башы каналына 11-апрелде чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иши уланууда.

Ага жүзгө жакын куткаруучу тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерин улантуу максатында саат 09:30да Аламүдүн райондук №1 Өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүмүнөн 22 адис, Токмок шаардык №24 аскерлештирилген ӨКБдан 15 куткаруучу, суучулдар кызматынан 5 адис, Сокулук райондук №23 АӨКБдан 10 куткаруучу, Жайыл райондук №22 АӨКБдан 10 куткаруучу, Ысык-Ата райондук №27 АӨКБдан 5 куткаруучу, Москва райондук №15 ӨКБдан 7 куткаруучу жана саат 09:55те КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлектетик борбордон 25 куткаруучу, жалпы 99 куткаруучу тартылган.

Издөө иштери Константиновка айылынан Камышановка айылына чейин жүргүзүүлүүдө (Ат-Башы каналы жана Чүй дарыясында).

Copyright © 2017 Maral FM