Биз менен байланышыңыз

Путин менен Ким Чен Ын келерки аптада жолугаары күтүлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 488 | 0

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын келерки аптада Орусияга иш сапары менен келет.

Бул тууралуу Yonhap агенттиги Москвадагы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

«Ким Чен Ындын Орусияга сапары апрель айынын аяк ченинде болушу мүмкүн», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө. Маалыматка ылайык Орусия – Түндүк Корея саммити Владивостокто болору болжолдонууда.

Yonhap белгилегендей, 26-27-апрелде Орусия президенти Владимир Путин Кытайда өтө турчу «Бир алкак, бир жол» форумуна катышат. Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу бул иш-чарадан мурда же кийин болот.

Copyright © 2017 Maral FM