Биз менен байланышыңыз

Суданда коменданттык саат алынып салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 517 | 0

Судандын аскер кеңешинин башчысы Абдель Фаттах аль-Бурхан коменданттык сааттын алынып салынганын жарыялады. Хартумда болгон маалымат жыйынында ал ошондой эле мурдагы жумада болгон көтөрүлүштө кармалгандардын бошотула турганын билдиргенин «Аль-Хадас» телеканалы маалымдады.

«Биз жардам берүүнү уюштуруу үчүн иштеп жатабыз. Судандын жарандарын жана партияларын кадимкидей жашоого кайтып келүүсүн суранабыз», – деди Судандын аскер кеңешинин башчысы. Ошондой эле ал Суданда жарандык өткөөл өкмөт түзүлө турганын айтып, өткөөл  мезгилдин 2 жылга созуларын билдирди. Мындан сырткары президент Омар аль-Баширдин режимин түп тамыры менен жок кылууга сөз берди.

Эске салсак, 11- апрелде генерал-лейтенант Авад бен Ауф түз эфир аркылуу судандык телеканалга чыгып, президент Омар аль-Баширдин кармалганын айткан. Өлкөдөгү башкаруучулук ишти Судандын аскер кеңеши өзүнө алган. Убактылуу 2 жылдык өкмөт түзүлүп, 3 айлык өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM