Биз менен байланышыңыз

Суданда куралдуу кол салуудан 60тан ашуун адам набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 492 | 0

Ишемби күнү Судандын Батыш Дарфур шаарында куралдуу кол салуудан 60тан ашуун адам набыт болду. Бул тууралуу БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо бюросу билдиргендигин РИА Новости жазды.

«25-июлда Батыш Дарфурдун Бейда шаарынын түндүгүндөгү Мистери айылында куралдуу кол салуудан 60тан ашуун адам каза болуп, 60ка жакын адам жаракат алган», — деп айтылат маалыматта.

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо бюросу кабарлагандай, кол салууга 500гө жакын куралдуу адам катышкан. Анда айылдын ар кайсы жерлериндеги жергиликтүү тургундардын үйлөрү, ошондой эле базар өрттөлгөн.

Судандын батышындагы Дарфур аймагында 2003-жылдан бери Судан өкмөтү менен козголоңчу сепаратисттик топтор ортосунда куралдуу кагылышуулар болуп келет. Мындан улам, чыр-чатактан, зордук-зомбулуктун натыйжасында 300 миңден 500 миңге чейин адам өлүп, 2,5 миллиондон ашык адам качкын болуп калган.

Copyright © 2017 Maral FM