Биз менен байланышыңыз

Судандын бийликтен четтетилген президенти түрмөгө камалды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 549 | 0

Судан элинин нааразычылык толкунунан кийин Судандын армиясы тарабынан отставкага кетирилген экс-президент Омар аль-Башир Түндүк Хартумдагы Кобер түрмөсүнө камалгандыгын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

«Reuters» маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда, 11-апрелден кийин президент аль-Башир резиденцияда кароолчулардын көзөмөлүндө болгон.

Камакка алуу боюнча чечим Омар аль-Баширден башка дагы жогорку кызматта иштеген жана президентти колдогон 11 адамга чыгарылган.

Эске салсак, 11- апрелде генерал-лейтенант Авад бен Ауф түз эфир аркылуу Судандын телеканалына чыгып, президент Омар аль-Баширдин кармалганын айткан. Өлкөдөгү башкаруучулук милдетти Судандын аскер кеңеши алган. Убактылуу 2 жылдык өкмөт түзүлүп, 3 айлык өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM