Биз менен байланышыңыз

Судандын экс-президентинин жакындары Дубайга качып кетүүгө аракет кылган

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 804 | 0

Судандын экс-президенти Омар аль-Баширдин жубайы Видад Бабакр жана бир тууганы Абдалла аль-Башир Дубайга качып кетүүгө аракет кылганын Египеттин «Масрави» гезити маалымдады.

Түштүк Судан бийлиги аль-Баширдин туугандарына Бириккен Араб Эмираттарына учуунун ордуна, Хартумдан Дубайга учууну сунушташканын аталган басылма жазып чыкты. Ошол эле учурда экс-президенттин жубайынын жана жакындарынын кайсы жерде жүргөнү  тууралуу расмий маалымат айтылган эмес.

Эске салсак, 11- апрелде генерал-лейтенант Авад бен Ауф түз эфир аркылуу Судандын телеканалына чыгып, президент Омар аль-Баширдин кармалганын айткан. Өлкөдөгү башкаруучулук милдетти Судандын аскер кеңеши алган. Убактылуу 2 жылдык өкмөт түзүлүп, 3 айлык өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM