Биз менен байланышыңыз

Орусия Судандын жаңы бийлигин тааныды

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 567 | 0

Москва Судандын жаңы бийлигин тааныды. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары жана Орусия президентинин  Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Михаил Богданов билдиргендигин РИА Новости агенттиги маалымдады.

Эске салсак, 11- апрелде генерал-лейтенант Авад бен Ауф түз эфир аркылуу Судандын телеканалына чыгып, президент Омар аль-Баширдин кармалганын айткан. Өлкөдөгү башкаруучулук милдетти Судандын аскер кеңеши алган. Убактылуу 2 жылдык өкмөт түзүлүп, 3 айлык өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM