Биз менен байланышыңыз

Судан: Демонстрацияда 35тен ашык адамды атып салышты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 534 | 0

Судандын борбор шаары Хартумда өткөн митингде оппозицияга болгон кысымдан улам, каза болгондордун саны 35тен ашты, жүздөгөн жаран жараланды. Бул тууралуу Судан оппозициялык комитетинин дарыгери Фейсбук баракчасында билдирди.

«Аскердик штабдын алдында аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн калктын саны 35тен ашты. Жүздөгөн жаран оор жаракат алган. Алардын көпчүлүгү учурда оцерациялык бөлүмдө жардам алып жатышат»,- деп билдирет ал.

Маалыматка караганда, каза болгондордун көпчүлүгүнүн денелери Нил дарыясына ыргытылган.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Судан армиясы Хартумдагы Коргоо министрлигинин имаратынын аянтында чатыр лагерин түзүшүп, Хартумдун борбордук көчөлөрүн бекитишкен. Бирок, бул митингчилерге багытталбай турганын, кылмышкерлерди кармоо операциясы жүргүзүлүп жатканын айтышкан. Ошондой эле, аскердик операция учурунда курал да колдонуларын, андыктан этият болуу керектигин эскертишкен. Ага карабастан нааразы болгон оппозиция тарап каршылык көрсөтүшүп, мындан улам, армия менен оппозициянын ортосунда жаатташуу күчөп, анын кесепетинен тынчтык акциясы массалык митингге айланган.

Эске салсак, 11- апрелде генерал-лейтенант Авад бен Ауф түз эфир аркылуу Судандын телеканалына чыгып, президент Омар аль-Баширдин кармалганын айткан. Өлкөдөгү башкаруучулук милдетти Судандын аскер кеңеши алган. Убактылуу 2 жылдык өкмөт түзүлүп, 3 айлык өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM