Биз менен байланышыңыз

Судандын өкмөт башчысына кол салуу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 620 | 0

Судандын премьер-министри Абдалла Хамдукка кечээ, 9-мартта белгисиз адамдар кол салышкан. Өкмөт башчыны автоунаага шыкалган жардыргыч менен жок кылууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Al Arabiya маалымат агенттиги жергиликтүү маалымат каражат булактарына таянып жазып чыкты.

Кол салуу өлкөнүн борбор шаары Хамдукта болуп өткөн. Жардыргыч зат толтурулган автоунаа премьер-министр Хамдукту коштоп келе жаткан автоунаалардын колоннасына чабуул койгон. Учурда бул кол салуу боюнча эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала элек.

Хамдук коопсуз жерге жайгаштырылган. Анын үй-бүлөсү да жардыруудан кийин премьердин коопсуздукта экенин тастыкташкан.

Эскерте кетсек, Хамдук өлкөнун премьер-министри болуп 2019-жылдын август айында дайындалган. Буга чейин Судандын президенти Амар аль-Башир өлкөдө болуп өткөн толкундоолордон улам кызматынан кол жууган. Кийинки президенттик шайлоого чейин өкмөттү аскер генералдары жана жарандык активисттер 2022-жылга чейин жетектей турган болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM